Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иранда жаштар китепканадан чыгышпайт экен

  • ТОП жаңылыктар
  • 11.08.2023 09:17

Loading

Жакында Ирандын алдыңкы “Fars News” маалымат агенттигинин чакыруусу менен Кыргызстандын 21 кишиден турган тележурналисттер делегациясы Иран Ислам Республикасына таанышуу иш сапары менен барып келишти.

Сегиз күндүк пресс-тур менен биринчи жолу барган журналисттер аталган өлкөнү өз көздөрү менен көрүп, иран эли менен жакындан таанышып, Иран коопсуз, өнүккөн, аялдардын укугу корголгон өлкө экенинен ынанып кайтышты.

Биз делегациянын курамында Иранды жакындан көрүп келген ЭлТР МТРКсынын “Жаңылыктар” бөлүмүнүн продюсери Шайиргүл Борбоева жана Баткен ТВ каналынын редактор-баяндамачысы Миңгүл Көчөрова менен маектештик.

Алар ирандыктардын, айрыкча аялдардын бүгүнкү жашоосу кандай экенин, аларды таң калтырган, кызыктырган нерселер тууралуу кенен баяндап беришти.

Кыргызстандык тележурналисттер Тегеран шаарындагы “Fars News” агенттигинин кеңсесинде, 13-июль, 2023-жыл.

– Саламатсыздарбы. Жакында сиздер Иранда таанышуу иш сапары менен болуп келдиңиздер. Айрым адамдар Иранды жабык, өнүкпөгөн, аялдардын укугу чектелген, кооптуу, кара чүмкөнгөндөрдүн өлкөсү деп ойлошот. Буга чейин сиздерде Иран тууралуу кандай маалымат бар эле, кандай деп элестеттиңиздер эле?

Шайиргүл: – Саламатчылык. Чынын айтсам, эмнегедир Иран тууралуу маалыматка кызыгып, издеп да көрбөптүрмүн. Ошол себептен улам, көп деле маалыматым жок болчу. Качан Иранга сапар уюштурулуп жатканы тууралуу укканда, албетте, кооптонуу болду. Ачыгын айтсам, аялдардын укугу корголбогон, санкция алдындагы жашагандан кийин, өнүкпөгөн, маданияты артта калган өлкө болсо керек дегем.

Шайиргүл Борбоева. Тегеран шаарындагы “Табият” көпүрөсү, 15-июль, 2023-жыл.

Миңгүл: –  Саламатсызбы! Ооба, биз Кыргызстандагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Иран Ислам Республикасына иш сапар менен барып келдик. Чынын айтканда мен дагы буга чейин Иранды дайыма согуш токтобогон, өнүкпөй калган, караңгы өлкө катары элестетчүмүн. Аялдардын укуктары тебеленип, эркиндиги чектелген коом деп ойлочумун. Бир гана мен эмес, Иранга жөнөп жатканымды уккан таанышытарым да Иранда эмне бар? Согуш болуп жаткан өлкөгө барбай эле койбойсунбу? Коркпойсуңбу? Алданып калбайсыңбы? деген суроолорду беришти.

Тема боюнча

Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

18.08.2026

– Эми Иранды жакындан көрүп келдиңиздер. Бул өлкөгө биринчи сапарыңыздар кандай таасир калтырды?  Учактан түшкөндө биринчи эле көзүңүзгө эмне учурады?

Шайиргүл: – Учактан түшкөндө эле, аэропорттогу кызматкерлердин жылуу тосуп алганы жүрөктү жылытты. Бизди күтүп турган агентствонун өкүлдөрү да жылуу маанайда тосуп алышты. Кийин шаарларын кыдырып жүргөнүбүздө дагы дал ушундай, меймандос калк экендигине күбө болдук. Жөнөкөй жашоочулары болсо, биз менен сүрөткө түшүүнү да суранып жатышты.

Миңгүл: –  Иранга болгон алгачкы сапарым мага өзгөчө таасир калтырды. Бүгүнкү күнгө чейин бул өлкө жөнүндө айланамдагыларга айтуудан тажабай келем. Сапардан алган таасирлер Ирандын тарыхына болгон кызыгуумду арттырды. Учактан түшүп, аэропорттун ичине киргенде өлкөсүнө жеңиш менен кайткан жаштарды салтанаттуу тосуп алуу аземине күбө болдум. Байкаганым боюнча улуттук музыканын коштоосунда, расмий өкүлдөр, гүл көтөргөн жаштардын жакындары чет өлкөдөн кайсы бир сынакта жеңиш менен кайтышкан жаштарды сыймыктануу менен тосуп алып жатышты. Бул окуядан жана сапарыбыздын жыйынтыгында Иран эли ийгилик жараткан ар бир жараны, өзгөчө улуу инсандары менен сыймыктанып, аларды дайыма даңазалап келишерин баамдадым.

Миңгүл Көчөрова. Тегеран шаарындагы эң ири “Иран Молл” соода борбору, 13-июль, 2023-жыл.

– Интернет булактарынан ирандык аялдардын укугу чектелген, аларга көп нерсе тыюу салынган деген маалыматтарды көп окуйбуз. Өзүңүздөр көрүп келген ирандык аялдардын жашоосу кандай экен?

Шайиргүл: – Ооба, интернет булактарында, биз көрүп келген заманбап, өнүккөн азыркы Иран өлкөсү тууралуу маалыматтар чынында эле сейрек. Биз көргөн ирандык аялдар кадимкидей эле, өз укуктары корголгонуна күбө болдук. Катуу же олуттуу бир чектөөлөрдүн негизинде жашаганын көрбөдүк. Иран Ислам Республикасы болгондугуна байланыштуу, аялдардын жоолуксуз жүрүүсүнө болбойт экенин, бирок ошол эле учурда, аялдар өзү каалаган жумушта, кызматта иштей алат экен.

Миңгүл: –  Мен көргөн ирандык аялдар кайсы бир кызматта жетекчи же катардагы кызматкер, шайыр мүнөз кыздар, жаркылдаган келиндер. Өнүгүүгө умтулган билимдүү аялдар. Биз бир канча аял журналисттер менен да баарлаштык. Аларга дал ушундай суроону узаттык.  Алар аялдарга карата кысым жоктугун, каалаган жумуштарда иштей аларын айтышты.

Шайиргүл Борбоева. Исфахан шаарында ирандык кесиптештер менен

– Иран 40 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык санкциялардын алдында жашары баарына белгилүү. Буга карабастан Иран кандай өнүгүптүр? Кандай жетишкендиктерин байкай алдыңыздар?

Шайиргүл: –  Ооба, Иран 40 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык санкциялардын алдында жашап жаткандыгына карабастан, өз алдынча өнүгүптүр жана ушул тапта да, бардык тараптан, тагыраагы билим, илим, өндүрүш, туризм тармагы өнүгүү жолунда бара жатканына күбө болдук.

Жаштардын китеп окууга кызыккандыгы жана берилгендиги мени өзгөчө таасирлентти. Бул көрүнүштү биз чоң китепканалардагы жаштарды көрүп жана китеп дүкөндөрүндөгү кардарлардын көптүгүнөн улам байкадык.

Экинчи таасирленткен нерсе: Иран элинин тарыхын өчүрбөй, сактап, муундан-муунга өткөрүп келүү максатында тарыхый музейлериндеги көрүнүктүү инсандарынын сүрөт-портреттеринин сакталышы, 10-кылымга таандык ыйык Куран китебинин жана башка иран тарыхы жазылган китептери, илгерки доорго таандык табылгары сакталган бир канча музейлери болду.

Жетишкендиктери тууралуу айта турган болсом, жеңил өнөр жайы өнүгүптүр. Бүт бардык нерсе өздөрүндө өндүрүлүп, күйүүчү май да арзан экен. Көчөлөрү кенен, түнкүсүн дээрлик баардык жолдору жарыктандырылган. Бул албетте, бир топ жылдан бери эл аралык санкция алдында жашаган өлкө үчүн болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендиктер десек болот. Сырт жактан келген туристтердин агымы көбөйө баштагандыгын айтышты, албетте бул да болсо өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнө натыйжалуу таасирин тийгизет.

Миңгүл Көчөрова, Тегеран шаары, Имам Хомейнинин музейинде, 15-июль, 2023-жыл.

Миңгүл: – Иран эл аралык санкцияларга карабастан өнүгүп келе жатканы мени да таң калтырды. Өзгөчө илимий-технологиянын өнүккөнүн байкадым. Жаштары да илимий техникага кызыгып, бул багытта түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын айтышты.

– Ал жерде таң калтырган нерсе эмне болду?

Шайиргүл:  Аялдар бетине пластикалык операция жасатышарын көп байкадык. Ислам Республикасында мындай  көрүнүш жок болсо керек деп ойлогом. Калкынын саны 88 миллионго жеткен өлкөдөгү шаарлардын тазалыгын күткөн эмес элем. Коомдук жайларда, соода түйүндөрүнүн алдында, кычык-тар көчөлөрдө, чоң көчөлөрдө, тратуарларда эч кандай таштанды көрбөйсүң.

Миңгүл: – Таң калган учурлар көп болду. Өзгөчө таң калганым биз башында караңгы эл деп ойлогон өлкөнүн жаштары китепканадан чыгышпайт экен. Биз сапардын алкагында китепканаларда жана китеп дүкөндөрүндө болдук. Андагы жаштардын көптүгү таң калтырды.

Шайиргүл Борбоева. Тегерандагы эң ири “Китеп бакчасы”

– Ирандын кайсы жерлеринде болдуңуздар? Кайсы жери кандай өзгөчөлүктөрү менен эсте калды?

Шайиргүл:- Тегеран шаарында 1979-жылкы революциянын лидери болгон Имам Хомейнинин жашаган үйүндө, музейинде, революцияга чейинки бийлик башында турган шахтардын хан ордосунда, эң бийик  “Милад” телемунарасында, “Табият” көпүрөсүндө, “Иран мол” соода борборунда, килем дүкөндөрүндө, китепканаларында жана башка тарыхый музейлеринде болдук.

Исфахан шаарында дагы эки күн болдук. Анда дүйнөнүн жарымы деп аталган “Нахше жахон” аянтында, аны курчап турган базарында жана Исфахан шаарын тең экиге бөлүп турган “Заянде Руд” дарыясында,  “Сио-Се-Поль” көпүрөсүндө болдук. Баардык жайлар өзүнүн уникалдуу көрүнүшү, архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен эсте калды.

Шайиргүл Борбоева. Исфахан шаарындагы “Сио-се-поль” көпүрөсү. 17-июль, 2023-жыл.

Миңгүл: – Ирандын көп жерлеринде болдук. Тарыхый, маданий,  жайларына бардык. Тегеран жана Исфахан шаарларындагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Тышкы иштер министрлигинде, туристтик жана тарыхый жайларда болдук. Ар бир барган жерибиздин өзгөчөлүгү бар экен. Ирандыктар туристтерди кызыктырган аталган жайлары жөнүндө сыймыктануу менен айтып берип жатышты. Мындан мен  Иран эли тарыхына жана маданиятына өзгөчө маани берерин байкадым. Тарыхый имараттар, курулуштар бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып калганын көрдүк.

– Ирандын бир катар маалымат каражаттарында да болуптурсуздар. Кыргызстандын маалымат каражаттарынан кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыздар?

Шайиргүл:- Иштөө ыкмасы, студияларынын жасалгалары биздикиндей эле экен. Бирок, кызматкерлердин иштөө графиктеринде айырма бар экен. Алар үч сменде иш алып барышарын айтышты. Анан телекөрсөтүүлөрүндө жаңылыктар бөлүмдөрү үзгүлтүксүз 24 саат бою өзгөчө сайт, социалдык тармактары аркылуу элди өлкө ичиндеги болуп жаткан окуялардан ыкчам кабардар кылып турат экен. Контенттеринин көптүгүндө айырманы байкадым. Бир эле көрсөтүүнү эки, үч тилде котормосу менен жайылтышат экен.

Миңгүл Көчөрова. Тегеран шаарында ирандык кесиптеши менен, 13-июль, 2023-жыл.

Миңгүл: – Негизинен окшоштук жактары көп. Шайиргүл эже айткандай бир гана айырмачылык телеканалдары 24 саат эфир берип, 3 смена менен иштейт экен. Ирандык кесиптештер жаңылыктарды бир канча тилде, ар жарым саатта эфирден чыгарып турушарын айтышты.

– Рахмат маегиңиздерге. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун.

Маектешкен: Айзат Асанакунова

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Fars NewsЖМКпресс-туртележурналист
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Трамп АКШнын үч ири маалымат каражатына Ак үйгө кирүүгө тыюу салды

Трамп АКШнын үч ири маалымат каражатына Ак үйгө кирүүгө тыюу салды

19.09.2026
Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

Иранда ЖМК эми согуш аракеттеринин бир бөлүгү болуп калды

18.08.2026
Ирандагы Хаменеи менен коштошуу аземи дүйнөлүк медианын көңүл борборунда

Ирандагы Хаменеи менен коштошуу аземи дүйнөлүк медианын көңүл борборунда

04.07.2026
Al Jazeera: Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты — Ирандын туруктуулугунун символу

Al Jazeera: Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты — Ирандын туруктуулугунун символу

04.07.2026
Батыш ЖМКлары АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун толук стратегиялык жеңилүү жана экономикалык кырсык деп аташууда

Батыш ЖМКлары АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун толук стратегиялык жеңилүү жана экономикалык кырсык деп аташууда

27.04.2026
Панч аттуу маймыл жана Газадагы унутта калган балдар. Медиа дүйнөсүндөгү кош стандарттуулук

Панч аттуу маймыл жана Газадагы унутта калган балдар. Медиа дүйнөсүндөгү кош стандарттуулук

24.02.2026
«Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары бириктирилди

«Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары бириктирилди

16.01.2026
“Борбор Азия – Кытай” медиа форуму: Алматыда чет элдик журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду

“Борбор Азия – Кытай” медиа форуму: Алматыда чет элдик журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду

11.06.2025
Сеулда журналисттердин бүткүл дүйнөлүк конференциясы аяктады

Сеулда журналисттердин бүткүл дүйнөлүк конференциясы аяктады

08.04.2025

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
213 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.