Ирандын Кибермейкиндикти жөнгө салуу боюнча Жогорку Кеңеши WhatsApp мессенджерине жана GooglePlay тиркемелер дүкөнүнө кирүүгө коюлган бардык чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу маалыматтык технологиялар боюнча өкмөттүк кеңештин мүчөсү Шахабедин Табатабаи билдирди.
“Чектөөлөрдү алып салуунун биринчи этабынын алкагында WhatsApp жана GooglePlay′деги веб чыпкалары Кибермейкиндикти жөнгө салуу боюнча Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен жокко чыгарылды” — деп жазган ал X баракчасына.
Ислам Республикасынын Маалымат жана коммуникация технологиялары министри Саттар Хашеми X баракчасында бул чечимди тастыктап, “бул процесс уланып жатканын” белгиледи.
Whatsapp мессенджерине, ошондой эле Instagram тиркемесине кирүү 2022-жылдын сентябрь айында өлкөдөгү нааразычылыктардан улам чектелген. Мындай чечим аталган платформалар аркылуу улуттук коопсуздуктун пайдубалына шек келтирген иш-аракеттерди ишке ашыруудан улам кабыл алынган.


















