Иранда миллиондогон адамдар палестиналыктарга тилектештик билдирип, жүрүшкө чыкты. Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары эзилген Палестина элине тилектештигин билдиришет.
Аль-Кудс күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген.
Жыл сайын бул күнү Иран боюнча миллиондогон адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.
Быйылкы акция жылдагыдай эле өлкө боюнча масштабдуу өткөрүлдү.
Жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинанын желектерин көтөрүп чыгып, палестиндерди колдогон, Израилди айыптаган ураандарды чакырышты.












Discussion about this post