Ирандын борбору Тегерандын тургундары палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүн айыптап жана Палестина элине колдоолорун билдирип демонстрацияларды өткөрүүдө.
Ирандыктардын жүрүшү Тегерандын борбордук көчөлөрүндө жана “Палестина” аянтында өтүп жатат.
Балдардан тартып кары-картаңдарга чейин көчөгө чыккан демонстранттар колдоруна Ирандын, Палестинанын жана Ливандын “Хезболла” кыймылынын желектерин ошондой эле ХАМАСтын лидеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Айрымдары колдоруна АКШга жана Израилге каршы ураандар жазылган плакаттарды кармап турушат.
ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун 62 жаштагы башчысы Исмаил Хания Ирандын баш калаасы Тегеранда болгон кол салууда өлтүрүлдү. Ал Иранга жаңы президент Масуд Пезешкиандын 30-июлда өткөрүлгөн инаугурациясына катышуу үчүн барган.
ХАМАС кыймылы Хания Тегеранда өткөрүлгөн Израилдин рейдинин маалында өлтүрүлгөнүн тастыктап, анын өлүмү үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөп, кол салуу жоопсуз калбасын билдирди.
Бул окуя боюнча Израиль тараптан расмий билдирүү жасала элек болсо, Пентагондун башчысы Ллойд Остин ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысынын өлүмү жана буга Израилдин катыштыгы тууралуу эч нерсе айта албай турганын билдирди.
Ханиянын каза болгонун Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу да ырастады.
Кол салууну бир нече мамлекет айыпташты.
Иран бийлиги өлкө аймагында өлтүрүлгөн ХАМАСтын лидеринин өлүмү жоопсуз калбай турганын айтып, Израилди “катуу жазалоону” убада кылды.
Хания Тегеранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Иранда 31-июлдан 2-августка чейин жалпы аза күтүү жарыяланды.
ХАМАСтын лидери Ирандагы коштошуу аземинен кийин жума күнү Катарда жерге берилет.





























Discussion about this post