Иран Ислам Республикасында Джамади аль-Тани айынын жыйырманчы күнү – Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) кызы Фатима Захранын (с.а.) туулган күнү болуп саналат. Бул күн Иранда Аялдар жана Энелер күнү катары белгиленип, энелерге жана кыз-келиндерге өзгөчө урмат көрсөтүлөт.
Аялзаттын коомдогу ролу өтө көп кырдуу жана маанилүү. Алар—үйдүн жүрөгү, муундарды тарбиялоочу жана үй-бүлөдөгү тынчтыктын негизи. Ошол эле учурда аялдар экономикалык жана социалдык өнүгүүгө, илимге жана саясатка активдүү катышып, коомдук турмушта да бараандуу орунду ээлешет.
Аялдар үйдөгү салттуу милдеттерден тышкары кесиптик жана коомдук ишмердүүлүк аркылуу өлкөнүн туруктуу өсүшүнө чоң салым кошушат жана өнүгүү үчүн зарыл болгон өз алдынчалуулук, боорукерлик жана ийкемдүүлүк сыяктуу сапаттарга ээ.
Ушул күнгө байланыштуу Иранды жакындан көрүп келген Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагуловадан Иранда Ислам революциясынан берки аялдардын абалы жана алардын коомдогу маанилүү ролу тууралуу пикирин уктук.
– 2017-жылы февраль айы эле. Кыргызстандан бир топ аялзаты ар кайсы кесиптин ээлери чогулуп, Иран Ислам Республикасына иш сапар менен барып калдык. Барган делегациянын катары мугалимдер, журналисттер, окумуштуулар, депутат айымдар болдук. Иран Ислам Республикасы дегенде эле дароо ал өлкөнүн аялзатына болгон мамилеси катуу жана тең укуксуздук жөнүндө ой келди. Ошентсе да Иран өлкөсүн бир чети көрүп келүү жана иш сапардын алкагында барууга кызыкдар болдум. Болжонгон күн келип, Кыргызстандан бара жаткан айымдарды биз сапар тарткан өлкөнүн өзгөчө айымдарга болгон мамилеси, алардын турмушу, жашоо образы кызыктырып турду.

Учактан түшкөндө Иран мамлекетинин мыйзамын сыйлап, баарыбыз жоолугубузду башыбызга оронуп, Тегеран шаарына токтодук. Кыргызстандан барган делегацияны түнкү убакыт болсо да колдорубузга гүл карматып, жылуу маанайда тосуп алышты. Иш сапардын алкагында бир канча мекемелерде болуп, аялзаты менен баарлашканга (котормочу аркылуу) алардын жашоо образын байкаганга мүмкүнчүлүк болду. Жатак мектептерге барып, кыздардын билим алганын, жогорку окуу жайларда студент кыздардын турмушу менен тааныша алдык. Өздөрүн эркин алып жүрө алган, бардык тармактарда иштеген кыз-келиндер, депутат, пенсионер айымдар менен жолугушууларды өткөрдүк. Биздин кызыккан сурообуздун басымдуусу алардын канчалык пайызда эркин болуусу, үй-бүлөдөгү орду, саясий абалы болду.

Бүгүнкү күндө Иранда аялдар саясатка да жигердүү аралашууда. Аялдар парламентке, муниципалдык кеңештерге жана башка мамлекеттик кызматтарга шайлана алышат. Мисалы, учурда Жолдор жана шаар куруу министри Фарзане Садег Малваджер айым. Акыркы жылдары аял депутаттардын саны өсүп жаткандыгын биле алдык. Акыркы ондогон жылдарда Иран аялдары билим берүү тармагында чоң жетишкендиктерге ээ болушту. ЖОЖдордо студенттеринин жарымынан көбүн азыр аялдар түзөт. Инженерия, медицина, математика, искусство жана коомдук илимдер сыяктуу тармактарда ирандык кыз-келиндер жигердүү катышып, өлкөнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет.

Делегация бир канча шаарларда болуп, коомдук ашканаларда аялзаты иштебесин, тамак-аш жасоо. көчө шыпыруу (тазалык сыяктуу жумуштар) эркек кишинин милдети экенине күбө болдук. Дагы бир кызык нерсе, күйөөсү ата-энесиние баруу үчүн аялынан уруксат алуу шарт экенин укканда баарыбыз чын-төгүнүнө ишене албай бул жакшы экен го деп, (((жылмая тиктешип калып жаттык. Ал тургай бир университеттин ректору менен болгон жолугушууда үй-бүлөдө жубайы жумуштан келгенче, кирди жолдошу кир жуугучка салып жууп коерун, аялзаты коомдо эркектердей эле иштеп, жумушчу, кызматкер, эне, тарбиячы экенин белгиледи.
Иран коомунда аялдардын саясий абалы акыркы жылдары дүйнөлүк көңүлдү буруп, реформалар жана өзгөрүүлөр үчүн чоң социалдык басым түзүүдө. Бул процесстер ал жактагы аялдардын ролунун бара-бара кеңейишине жана коомдук теңчиликтин акырындап калыптанышына шарт түзүшү мүмкүн.


















