Газада ок атууну токтотуу ыктымалдыгы мурункуга салыштырмалуу жогорулады, ага эл аралык коомчулуктун Израилдин режимине карата аймактык жана эл аралык аренадагы сүйлөшүүлөрү, аракеттери жана коомдук кысымы себеп болду.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан журналисттерге билдиргенин “Eurasia Today” маалымдайт.
Абдоллахиан 4-5-майда Гамбиянын борбор шаары Банжулда “Туруктуу өнүгүү үчүн диалог аркылуу биримдикти жана ынтымакты бекемдөө” урааны астында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) 15-саммитине катышты.
Ал саммиттин күн тартибинде туруктуу өнүгүүдөн тышкары, аймактык маселелер, анын ичинде Газадагы согушту токтотуу маселеси да көтөрүгөнүн айтып, Палестина элинин укуктарына көңүл бурулуп, Газадагы согушту жана геноцидди токтотуу үчүн шарттар камсыз кылынарына үмүттөнөрүн билдирди.
“Газага гуманитардык жардам жөнөтүү жана Газа тургундарын өз жерлерине жана үйлөрүнө көчүрүү үчүн шарттар тийиштүү түрдө камсыз кылынышы керек”, – деди Абдоллахиан.
Ал Израилдин Газанын эзилген калкына каршы ырайымсыз кылмыштарын улантып жатканын кескин айыптап, геноцидди токтоосуз токтотуу үчүн Ислам өлкөлөрүнүн биримдигин жана тилектештигин мурдагыдан да күчтөндүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ирандык министр Израиль менен дипломатиялык жана экономикалык карым-катнаштарды токтотуу жана курал-жарак жана соода эмбаргосу Израилдин Газадагы кылмыштарын токтотуунун маанилүү куралы экендиги шексиз экенин белгилеп, бул багытта иш алып барган мусулман жана эркиндикке умтулган өкмөттөрдүн жана өлкөлөрдүн аракеттерин жогору баалады.
Ал Газада согуш башталгандан жети ай өткөндөн кийин Палестинаны колдоо жана сионисттик режимдин адамзатка каршы кылмыштарын айыптоо боюнча глобалдык кампания уланып, Америка, Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн университеттерине жеткенин кошумчалады.
Анын айтымында, саммитте ошондой эле Түштүк Африканын Израиль боюнча демилгесин жана Израилдин лидерлерин жоопкерчиликке тартуу боюнча Эл аралык соттун чечимин колдоо каралды.
Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан геноцидди айыптап, Газадагны ок атууну токтоосуз, туруктуу жана эч кандай шартсыз токтотууну талап кылышты.
Саммиттин алкагында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Хусейн Ибрахим Таха Палестинага жардм берүү үчүн күч-аракеттерди, тилектештикти жана кызматташууну арттырууга чакырды.


















