АКШ өткөн окуялардан сабак алган жок жана мурдагыдай эле максималисттик позицияны карманып, оюндун эрежелерин өзгөртүүнү улантууда.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
«Акыркы 47 жыл ичинде эң жогорку деңгээлдеги интенсивдүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Иран согушту токтотууга умтулуп, АКШ менен ак ниеттүүлүктө иш алып барды. Бирок “Исламабад өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга” кол коюу алдында биз максимализмге, эрежелердин өзгөрүшүнө жана блокадага туш болдук. Эч кандай сабак алынган жок», — деп жазды министр X баракчасында.
Министр ошондой эле жакшы ниет жооп иретиндеги жакшы ниеттерди, ал эми кастык кастыкты жаратарын баса белгиледи.
11-апрелде Иран менен АКШ Исламабад шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бирок сүйлөшүүлөр америкалык тараптын ашыкча талаптарынан улам жыйынтыксыз аяктады.


















