Тажикстан менен Иран өнөр жай тармагында кызматташат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Хатлон облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен ирандык BEHRON компаниясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
Документ “Тажикстан – 2024” эл аралык универсалдык көргөзмөсүнүн алкагында түзүлдү.
Түндүк Хорасан провинциясынан келген ирандык ишкерлер лифт жана эскалаторлорду чыгаруу менен алектенишет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана капиталды тартуу багытында аймактардын активдүү кызматташуусу боюнча макулдашышты.
Хатлон облусунун төрагасы Давлатали Саид облус бийлиги эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
BEHRON компаниясы 35 жылдан бери лифттерди жана эскалаторлорду чыгарат. Ал Иран рыногунун 75%ын камсыздайт, ошондой эле компания өз продукциясын Армения, Орусия, Түркия, Оман, Ирак жана Сирияга экспорттойт.

















