Ирандын Бушер провинциясынын Түштүк Парс (Канган) аймагында биринчи жеке мунай терминалы ишке киргизилип, Бангладештен келген танкерге май куюлду.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, “Парса Фидар Пайдар” терминалы суюлтулган газ ташыган ири танкерлерди кабыл алуу үчүн инфраструктура менен жабдылган.
Терминал танкерлердин токтоосун жана жүк жүктөлүшүн кыска убакыттын ичинде коопсуздуктун жогорку стандарттарын так сактоо менен камсыз кылат.
Эки жыл мурун курулган терминал өкмөттүн, Мунай министрлиги жана бажы кызматынын колдоосу менен иштөөгө уруксат алган.
Бул Түштүк Парс аймагында ишин баштаган Ирандагы биринчи жеке мунай терминалы болуп калды.
Терминал расмий ишке кирген учурдан тартып суюлтулган газдын экспортун 50 пайызга көбөйтүп, жылына үч миллион тоннага чейин көлөмгө жеткирүүнү пландаштырууда.



















