6-июнда Сауд Аравияда Ирандын элчилиги кайрадан ачылды. Бул эки өлкө Кытайдын ортомчулугу менен эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирүүнү макулдашкандан дээрлик үч ай өткөндөн кийин болуп отурат.
Сауд Аравиянын баш калаасында толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн Иран элчилигинин ачылыш аземине эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле бул өлкөнүн падышалыкка жакында эле дайындалган элчиси Алиреза Энаяти катышты.
Тегерандагы Сауд Аравиянын элчилиги да жакында ачылат деп күтүлүүдө.
Xinhua маалымдагандай, иш-чарада сөз сүйлөгөн Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Бигдели бул саамалык эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ал дипломатия өз ара түшүнүшүүгө, туруктуулукка жана тынчтыкка жетишүү үчүн өлкөлөр ортосундагы байланыштарды жана диалогду орнотуунун эң жакшы каражаты болуп саналарын баса белгиледи.
Эске салсак, март айынын башында Иран менен Сауд Аравия Кытайдын ортомчулугу менен жети жыл мурда үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүү жана 60 күндүн ичинде элчиликтерин ачуу келишимине кол коюшкан.
Эр-Рияд менен Тегерандын мамилеси 2015-жылдын март айында Сауд Аравия жетектеген коалициянын Йеменде “Ансар Аллахка” (хуситтерге) каршы аскердик операциясын башташы жана 2015-жылы сентябрда Сауд Аравиянын Мина шаарында болгон тыгында жүздөгөн ирандык зыяратчылардын өлүмү Тегеран менен Эр-Рияддын ортосундагы чыңалуунун курчушуна шарт түзгөн.
2016-жылдын 2-январында Сауд Аравиянын ИИМи шиит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимрди баш кылып 47 кишини өлүм жазасына тартканы тууралуу билдирүү тараткан. Тегеран диний үгүтчүнүн өлтүрүлүшүн катуу сынга алып, Иранда массалык нааразылык акциялар өткөн. Сауд Аравиянын Тегеран жана Мешхед шаарларындагы дипломатиялык мекемелер алардын чабуулуна кабылган. Мындан улам падышалык Иран менен дипломатиялык мамилесин үзгөн.