Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иран Рафаэль Гроссини БУУнун Башкы катчылыгына ылайыксыз талапкер деп эсептейт

  • Дүйнө
  • 17.12.2025 13:46

Loading

Иран Бириккен Улуттар Уюмунун кийинки Башкы катчысын тандоодо адилеттүү жана калыс процесс жүргүзүүгө чакырып, Ирандын тынчтык максатындагы өзөктүк программасына каршы мыйзамсыз аскердик чабуулдарга унчукпай макул болгон талапкерлер бул кызматка ылайыксыз экенин эскертти. Бул жерде сөз Рафаэль Гросси жөнүндө болуп жатат.

Дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сүйлөгөн Ирандын БУУдагы элчиси жана туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани БУУнун Уставынын негизги жоболоруна таянып, уюмга принципиалдуу жана натыйжалуу жетекчилик керек экенин белгиледи.

Ал Уставдын 99-беренеси Башкы катчыга эл аралык тынчтыкка коркунуч туудурган маселелерди Коопсуздук Кеңешинин кароосуна чыгарууга ыйгарым укук берерин эске салып, бул ыйгарым укуктар «акыркы эки жыл ичинде Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн биринин вето укугу менен шал абалга келтирилгенин» айтты.

Тема боюнча

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026

Анын айтымында, бул мезгилге «Израиль режими тарабынан Газа секторунда жүргүзүлгөн геноциддик согуш жана оор аскердик кылмыштар, БУУнун гуманитардык кызматкерлеринин жана тынчтык сакчыларынын өлтүрүлүшү, ошондой эле аймактагы өлкөлөргө каршы жасалган агрессиялык аракеттер» кирет.

Иравани бул өтө оор учурларда Башкы катчыга Уставдын 99-беренеси менен берилген өзгөчө ыйгарым укуктар «шарттар талап кылгандай толук көлөмдө, өз убагында жана жетиштүү чечкиндүүлүк менен колдонулган жок» деп кошумчалады.

Уставдын 100-беренесине токтолуп, Иравани кийинки Башкы катчы «көз карандысыздыктын жана калыстыктын символу болушу керек» экенин баса белгиледи.

Ал андан ары мындай деп эскертти: «БУУнун Уставын атайылап сактабаган же корголгон тынчтык максатындагы өзөктүк объекттерге жасалган мыйзамсыз аскердик чабуулдарды айыптабаган талапкер Уставдын ишенимдүү сакчысы боло аларына, өз милдеттерин көз карандысыз, калыс, саясий негизсиз жана таасирдүү мамлекеттерден коркпостон аткара аларына болгон ишенимди жокко чыгарат».

Элчи июнь айында АКШ жана Израиль тарабынан БУУнун көзөмөлүндө турган Ирандын тынчтык максатындагы өзөктүк объекттерине жасалган соккуларды айтып өттү. Бул мыйзамсыз агрессиялык аракеттер ирандык өзөктүк илимпоздорго каршы да багытталган. Бирок башкы директору Рафаэль Гросси болуп саналган МАГАТЭ бул чабуулдарды айыптоодон баш тарткан. Ал эми Гросси БУУнун Башкы катчысынын кызматына өз талапкерлигин жарыялаган.

Иравани ошондой эле Уставдын 105-беренесине көңүл буруп, Башкы катчынын өкүлдөрдүн укуктары менен артыкчылыктарын коргоо жана бардык мүчө мамлекеттердин толук жана тең укуктуу катышуусун камсыз кылуу боюнча «так жана артка чегинүүгө жол бербеген жоопкерчилиги» бар экенин белгиледи.

Ал БУУнун Катчылыгы виза берүүдөн баш тартуу, жүрүп-туруу эркиндигин чектөө же кысым көрсөтүү сыяктуу бузуу фактыларына каршы чечкиндүү жана тандалма мамилесиз чара көрүшү керектигин айтып, мындай коргоо чаралары кабыл алуучу өлкө үчүн юридикалык жактан милдеттүү экенин эске салды.

«Эгер биз муну аткарбасак, Бириккен Улуттар Уюмун алсыраткан болобуз жана БУУ тутумунун негизи болгон мамлекеттердин суверендүү тең укуктуулук принциптерине шек келтиребиз», — деп кошумчалады ал.

Иравани «ачык-айкын жана инклюзивдүү тандоо процессине» чакырып, бул процесстин бардык баскычтарында мазмундуу талкууларга катышууга даяр экенин жана кийинки Башкы катчы менен «тынчтык, адилеттүүлүк, ошондой эле Уставдын максаттары менен принциптеринин атынан» иштешүүгө даярдыгын билдирди.

БУУнун азыркы Башкы катчысы Антониу Гутерриштин ыйгарым укуктары 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт. Башкы катчынын кызмат мөөнөтү расмий түрдө чектелбейт, бирок бул кызматта эң узак иштеген мөөнөт 10 жылды түзгөн.

Колдонулуп жаткан тартипке ылайык, Башкы катчы Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн — Россия, Улуу Британия, Кытай, АКШ жана Франциянын — өкүлү боло албайт.

Мындан тышкары, БУУнун башка көптөгөн органдарында да шайлоолор же ыйгарым укуктарды узартуу процесстери алдыда турат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: БУУиранРафаэль Гросси
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.