2025-жылдын 28-майында өткөн Тегеран форумунда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө тышкы басым жана коркутууларга карабастан өзүнүн тынч максаттагы өзөктүк программасынан баш тартпай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.
Ал мындай деди:
«Иран өзүнүн өзөктүк технологияларын Ядролук куралды жайылтууга каршы келишимге (ЯКТК-ДНЯО) ылайык өнүктүрүүнү улантат. Бул технологиялар саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулат».
Пезешкиан ошондой эле Иран Ислам Республикасында өзөктүк куралды өндүрүүгө диний тыюу бар экенин белгилеп өттү. Бул тыюу — аятолла Али Хаменеи тарабынан берилген фетва, ал массалык кыргын салуучу куралды өндүрүүгө, сактоого жана колдонууга тыюу салат.
АКШга жооп жана кескин сын
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы улана берсе, аскерий чара көрөбүз деп коркуткан. Бул билдирүүлөргө жооп берип, Пезешкиан Иран мыйзамдуу укуктарын коргойт жана коркутууларга моюн сунбайт деп билдирди.
Ошондой эле ал АКШны «башка өлкөлөрдүн байлыктарын талап-тоноо максатында тынымсыз согуштарды жүргүзүп келет» деп айыптап, бул тууралуу америкалык жазуучу Митчелл Келлердин «Бесконечная война» («Чексиз согуш») аттуу китебине шилтеме жасады.

















