Ирандын президенти Масуд Пезешкян Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Ислам республикасында бийликти алмаштыруунун ордуна Иранды суу менен камсыз кылуу убадасын “куру” убада деп атады.
12-августта Нетаньяху Иран элине видео кайрылуу жасап, өлкөдөгү тереңдеп бараткан суу кризисин чечүүгө жардам берерин, мунун ордуна ислам республикасында бийликти алмаштырууга алып келүүчү көтөрүлүш уюштурууну сунуштаган.
“Газа элин суу жана тамак-аштан ажыраткан режим Иран элин суу менен камсыз кылабы? Куру убада!” – деп жазды Иран президенти X социалдык тармагындагы баракчасына.
Июль айынын аягында Масуд Пезешкиан эгер азыр суу ресурстарын туура башкарбаса, Тегерандын суу сактагычтары сентябрга чейин суусуз калышы мүмкүн экенин билдирген. Бийлик башкалаа тургундарын сууну үнөмдөөгө чакырган.
Эки күн башта Палестинанын жарым эксклавынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин блокадасынан улам Газада ачкачылыктан каза болгондордун саны 227ге жеткенин, алардын 103ү балдар экенин билдирген.

















