Кавказдагы тынчтык стратегиялык мааниге ээ, Иран Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык жараянын колдойт.
Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян Ереванда премьер-министр Никол Пашинян менен болгон брифингде билдиргенин иран президентинин маалымат кызматы кабарлады.
“Биз коңшуларыбызга, өзгөчө коңшу Арменияга тынчтык жана бейпилдик каалайбыз. Интеграция жана достук тынчтыктын эң жакшы фактору деп эсептейбиз. Биз ар дайым Армения Республикасынын аймактык бүтүндүгүн ачык коргоп келгенбиз жана бул Иран Ислам Республикасынын туруктуу жана өзгөрбөс саясаты. Биз аймакта күч колдонууга каршыбыз. Биз Кавказ аймагындагы саясат жана лидерлик кавказдык бойдон калышы керек деп эсептейбиз жана көйгөйлөрдүн региондук эмес мамлекеттерге берилиши аймактагы кырдаалды ого бетер татаалдатат. Иран үчүн Кавказдагы тынчтык стратегиялык мааниге ээ жана биз Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдойбуз”, – деди Пезешкиан.
Ал белгилегендей, Иран аймактагы мамлекеттердин чек араларынын өзгөрбөстүгүнө маани берет, алардын өзгөрүшү геосаясий атаандаштыкка алып келиши мүмкүн.
Эске салсак, 8-августта Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Пашинян Баку менен Ереван ортосундагы тынчтык келишимине жана эки өлкө ортосунда транспорттук коридор түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Коридор “Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамп жолу” деп аталат. Анын алкагында, Армения АКШга бул коридорду 99 жылга башкаруу укугун берет.
Буга чейин Иран президенти АКШнын Түштүк Кавказдагы экономикалык долбоорлору аймакта америкалык таасирди бекемдөө жана кеңейтүү максатын көздөшү мүмкүн экенин билдирген.
Ирандын президенти Масуд Пезешкян Арменияга алгачкы расмий сапары менен 18-августта келген.
Ошол эле күнү ал Еревандагы Көк мечитте болуп, намаз окуган, ошондой эле армян иран таануучулар жана Арменияда жашаган ирандыктар менен жолугушкан. 19-августта премьер-министр Никол Пашинян менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий тармактарда өз ара түшүнүшүү боюнча 10 меморандумга кол коюлду.
Ошол эле күнү өлкө президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушуп, аймактык күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде коммуникацияларды ачууну талкуулады.
19-август күнү кечинде Пезешкиандын Армениядагы эки күндүк расмий сапары соңуна чыгып, ал Беларусь кесиптешинин расмий чакыруусу боюнча Еревандан Минскиге жөнөп кетти.


















