Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иран Перс булуңундагы үч арал боюнча суверенитетин расмий түрдө жарыялады

  • Батыш Азия
  • 02.12.2025 10:25

Loading

Иран Перс булуңундагы Бу-Муса, Чоң Тунб жана Кичи Тунб аралдары боюнча жерлердин бөлүнүшү жана менчик укугу тууралуу документтерди расмий тариздеп, бул аймактарга карата өзүнүн суверенитетин тастыктады.

Жекшемби күнү Мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик уюм бул аралдарга болгон менчик укугу Иран Ислам Республикасынын өкмөтүнүн атына катталганын жарыялап, аралдар Иран аймагынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.

Сот бийлигинин маалыматына ылайык, бул чара жер ресурстарын коргоо жана уруксатсыз пайдалануунун же басып алуунун алдын алуу максатындагы кеңири улуттук демилгенин бир бөлүгү болуп саналат.

Тема боюнча

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026

Расмий жетекчилер түшүндүргөндөй, «Шамим» улуттук кадастрдык системасынан алынган так геометриялык карталар жана координаттар максатсыз пайдалануу, мыйзамсыз басып алуу, уруксатсыз жер өзгөртүүлөрү же мамлекеттик жерлерге мыйзамсыз кирүүнү азайтуу үчүн колдонулган.

Чоң Тунб аралынын 10 832 250 чарчы метр аянттагы менчик укугу расмий катталды. Кичи Тунб аралынын 1 394 179 чарчы метрлик менчик күбөлүгү 2023-жылдын март айында, ал эми Бу-Муса аралынын 12 722 683 чарчы метрлик күбөлүгү 2021-жылдын февраль айында берилген.

Сот бийлиги бул чара жогорку инстанциялардын директиваларына толук дал келерин билдирди. Алардын ичинде 2014-жылдагы Кадастр тууралуу кеңири мыйзамдын 3-беренеси бар, анда каттоо уюму өлкөдөгү бардык жерлер – токойлордон тартып деңиздерге жана аралдарга чейин – кадастрдык документтерди даярдоого милдеттүү экени белгиленген.

Бул ошондой эле Ислам революциясынын лидери жарыялаган  өнүктүрүү планындагы жалпы саясаттын 7-бөлүмүндөгү 26-пунктка шайкеш келет. Анда бүткүл өлкө боюнча кадастр системасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Сот бийлиги бул аракетти «Ирандын аймактык бүтүндүгүн коргоо жана стратегиялык мандатты аткаруу жолундагы практикалык кадам» деп атады.

Иш-чаранын дагы бир максаты — эл аралык талаштарды жөнгө салуу жана «чет өлкөлүк тараптардын негизсиз дооматтарына» каршы туруу, айрыкча үч арал боюнча суверенитет маселесинде.

Географиялык жана тарыхый жактан Ирандын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген бул үч арал эми так кадастрдык документтер менен да катталып, улуттук каттоо системасында жогорку деңгээлдеги укуктук аныктамага ээ болду.

Иран өкмөтү 30-ноябрды үч иран аралынын Улуттук күнү деп жарыялады.

Тарыхый жактан Перс булуңундагы Бу-Муса, Чоң жана Кичи Тунб аралдары Иранга таандык болгон. Бул факт Иранда жана дүйнө жүзүндө көптөгөн тарыхый, юридикалык жана географиялык документтер менен тастыкталат.

Ошого карабастан, Бириккен Араб Эмираттары бул аралдарга тиешелүү өз укуктарын бир нече жолу билдирип келген.

Аралдар 1921-жылы Британиянын көзөмөлүнө өткөн, бирок 1971-жылдын 30-ноябрында — британиялык аскерлердүн чыгышынан бир күн өткөндөн кийин жана БAE расмий түрдө федерация болуп түзүлгөнгө эки күн калганда — аралдарга болгон Ирандын суверенитети кайра калыбына келтирилген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: иранПерс булуңу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.