Иран Израилдин Башкы штабынын имаратына жана Нетаньяхунун кеңсесине чабуул жасады.
Иран Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесин аткылады. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) командачысынын кеңешчиси Хамидреза Могаддамфар билдирди. Анын сөздөрүн Al Jazeera телеканалы таратты.
«Акыркы бир нече күн ичинде Иран Израил армиясынын Башкы штабынын имаратына үч жолу сокку урду. Мындан тышкары, биз Нетаньяхунун кеңселеринин бирине да чабуул жасадык», — деди ал.
Аскер башчысынын айтымында, Израилдин премьер-министринин кеңсесине жасалган соккулардын натыйжасында анын канцеляриясынын бир нече жогорку даражалуу кызматкерлери каза болгон.
Мындан мурда Ирандын аскердик башкаруусунун борбордук штабы — «Хатам аль-Анбия» — Дубайга жасалган чабуулдун жүрүшүндө АКШнын жүздөгөн деңиз пехотачылары каза болгонун билдирген. Маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасында болжол менен 160 америкалык аскер кызматкери жайгашкан.

















