Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи дүйшөмбү күнкү брифингде Иран менен МАГАТЭ жакынкы күндөрү сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундун өткөрүшү мүмкүн экенин билдирди.
“МАГАТЭнин башкы директорунун орун басарынын өткөн аптада Иранга болгон сапарынын максаты – Израилдин жана Американын Ирандын тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерине кол салууларынан кийин Иран менен агенттиктин өз ара аракеттенүү форматын иштеп чыгуу болгон. Бул сапар ушундай кырдаалдарда иш-аракеттерди иштреп чыгуу максатында жасалды. Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду жакынкы күндөрдө болушу мүмкүн”, – деп билдирди Багаи түз эфир учурунда.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министринин эл аралык иштер боюнча орун басары Казем Гариб-Абади МАГАТЭнин ядролук куралды жайылтпоо боюнча орун басары Массимо Апаронун Тегеранга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча Иран менен МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча консультацияларды улантууну макулдашканын билдирген.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, визит алдын ала пландалган жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө конкреттүү чечимдер күтүлгөн эмес, анткени Иран дагы эле агенттикти өлкөнүн өзөктүк объектилерине кол салгандарды колдоо үчүн айыптоодо.
Ошол эле учурда МАГАТЭнин директору Рафаэль Гроссинин айтымында, Тегеран агенттиктин жетекчилигине аны менен техникалык консультацияларды кайра баштоого даяр экенин ачык билдирген. Ал ошондой эле МАГАТЭ республиканын өзөктүк объектилериндеги ишти мүмкүн болушунча тезирээк улантуу үчүн өз инспекторлорун Иранга кайтарууну талап кылып жатканын белгилеген.
Эске салсак, 2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкян МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу боюнча мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлык чыгарган. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу чечимине карабай аны менен кызматташуунун жолдору жабыла электигин белгилеген.
Иран кызматташтыкты калыбына келтирүүнүн шарты катары өзөктүк объектилердин жана ирандык ядролук илимпоздордун коопсуздугун камсыз кылууну атаган.
Кызматташтыктын токтотулушу Ирандын МАГАТЭ менен агенттиктин башкы директору Гроссинин АКШ менен Израилдин Фордо, Исфахан жана Натанздагы өзөктүк объектилерге жасаган соккуларынын фонунда аракетсиздиги үчүн сынга алганына байланыштуу.

















