Тегеран ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу үчүн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташууга даяр.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.
Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Арагчи МАГАТЭнин Башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн конструктивдүү эмес аракеттерин сынга алып, анын айынан башкы директордун аракеттери ишке ашпай калганын белгиледи.
Агенттиктин башчысы жакында Тегеранга жасаган сапарынын жүрүшүндө Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге ылайык, Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы кепилдиктер келишимин сактоо маселелерин чечүүдө прогресске жетишүүгө аракет кылган.
Арагчи Иран бул кадамдарга чечкиндүү жооп берерин жана агенттик менен техникалык алкакта конструктивдүү кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.
Эске салсак, 21-ноябрда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иранды уюм менен жетиштүү кызматташпай жатат деп сындаган Батыш резолюциясын кабыл алган. Документке ылайык, МАГАТЭ 2025-жылдын жаз айына чейин Ирандын өзөктүк программасы боюнча кеңири баяндама даярдашы керек. Резолюцияга 19 добуш берилип, Орусия менен Кытай баш болгон 3 өлкө каршы болуп, дагы 12си калыс калган.
22-ноябрда Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму МАГАТЭнин Иранга каршы резолюциясына жооп иретинде уранды байытуу үчүн миңдеген жаңы центрифугаларды ишке киргизгенин жарыялаган.


















