Иран тарап кыргыз айыл чарба продукциясын сатып алуу, транс улуттук эгүү иштерин жүргүзүү, айыл чарба жабдууларын биргелешип өндүрүү жана экспорттоо, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу, инвестиция жана экотуризм багыттарында кызматташууга кызыкдар.
Бул туурасында Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Иран Ислам Республикасынын делегациясы менен расмий жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Ведомстводон билдиришкендей, ирандык делегацияны Хорасан-Разави провинциясынын губернатору урматтуу Голам Хоссейн Мозаффари жана Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчиси урматтуу Голам Хоссейн Ядегари жетектеди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар айыл чарба жана суу ресурстары тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстан буурчак, күрүч, пахта, бал, эт жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.
Губернатор Голам Хоссейн Мозаффари Хорасан-Разави провинциясынын Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгындагы маанилүү ролун белгилеп, ЕАЭБ базарларынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү сунуштады.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын конкреттүү багыттарын иш жүзүндө тереңдетип иштеп чыгууга макулдашты. Диалог үчүн тараптар өз ара ыраазычылык билдиришип, мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасынын Хорасан-Резави облусун башчысы Гуламхусейн Музаффари башында турган расмий делегациянын Кыргызстанга сапары Ош облусунан башталган. Негизги максат – эки аймактын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Ирандык делегациянын сапары Бишкекте уланууда.





















