Тегеран кургакчылык жана суу кризиси шартында Ислам Республикасынын аймагында суунун корун түзүү маселесин бир катар коңшу өлкөлөр менен талкуулап жатат.
ISNA агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Ирандын энергетика министри Аббас Алиабади билдирди. Буга чейин агенттик Ирандагы негизги суу сактагычтардын деңгээли 32% экенин маалымдаган.
«Биздин милдеттердин бири — кошумча суу ресурстарын түзүү. Бул боюнча биз коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок биздин аймактагы жана географиялык кеңдиктеги башка өлкөлөр да кыйынчылыктарга туш болууда. Ошондуктан биз ушул кырдаалда Иранга суу импорттоого даяр болчу өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга умтулуп жатабыз», — деди ирандык аткаминер.
Fars агенттигинин 8-ноябрдагы эсебине ылайык, өлкөдөгү 19 суу сактагыч — бул Ирандагы бардык иштеп жаткан суу сактагычтардын ондон бири — толук кургап калуу алдында турат. Алардагы суунун көлөмү 5%дан аз.
Белгилей кетсек, Ирандын метеорологиялык кызматы өлкөдө «акыркы 50 жылдагы эң кургак күз» байкалганын жарыялаган. Көп жылдык орточо көрсөткүчтөргө салыштырганда жаан-чачындын деңгээли 89%га төмөндөгөн.
Жакынкы Чыгыштагы суу ресурстарынын азайышы жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери булуттан жаан-чачын жасоо ыкмалары боюнча өлкөлөр ортосунда чыңалууга алып келүүдө. Иран бийлиги мурда Израилди жана БАЭни булут себүү технологияларын колдонуу менен «жаанга кийлигишти» деп айыптап, булуттар Иранга жетпей туруп эле жаанга айланып кетет деп билдирген.


















