Тегерандын базарларында нааразылык акцияларына алып келген иран валютасы – риалдын акыркы арзандашынан кийин президент Пезешкиандын өкмөтү ирандыктардын басымдуу бөлүгү үчүн субсидияларды көбөйтүү чечимин кабыл алды.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Фатеме Мохаджерани жекшемби күнү өткөн басма сөз жыйынында билдиргендей, акчалай субсидиялардын өлчөмү 3 000 000 риалдан 10 миллион риалга чейин көбөйтүлөт, башкача айтканда үч эседен ашык өсөт.
Анын айтымында, субсидиялар накталай түрүндө берилбейт, анын ордуна жарандардын кредиттик карталарына которулат жана ошол карталар аркылуу сатып алуулар жүргүзүлөт.
Ал ошондой эле 10 миллион риал өлчөмүндөгү каражат ай сайын үй-бүлөлөрдүн эсептерине түшүп турарын кошумчалады.
Мохаджеранинин айтымында, жаңы схема 2026-жылдын 10-январынан тартып ишке киргизилет.
Жаңы экономикалык система бардык ирандыктарга тиешелүү.
Президент Масуд Пезешкиандын буйругуна ылайык, 10-январдан тартып Ирандын бардык жарандары мамлекеттик субсидияларды ала баштайт.
Мохаджеранинин маалыматына караганда, 10-январдан тарта ар бир ирандыкка мамлекеттик субсидия төлөө системасы киргизилет. Ал жарандар ай сайын которулуп турган каражатка өтө зарыл болгон товарларды сатып ала алышарын белгиледи.
Фатеме Мохаджерани президент Масуд Пезешкиан бардык ирандыктарга мамлекеттик субсидияларды төлөп берүүнү тапшырганын баса белгиледи.
Өкмөт ошондой эле калкка төлөнүп келген 1 000 000 риал өлчөмүндөгү төлөм инфляциянын деңгээлине жараша көбөйтүлөрүн билдирди.
Жакында өкмөт Иранда инфляциянын деңгээли риалдын девальвациясынын натыйжасында 40 пайыздан ашканын маалымдаган.

















