Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи Израилдин Катарга жасаган соккуларын кылмыштуу, абдан кооптуу жана эл аралык укукту, ошондой эле Катар суверенитетин одоно бузган аракет катары айыптады.
Багаи белгилегендей, Израилдин Катарга жасаган соккусу кылмыштуу жана абдан кооптуу болуп, БУУнун Уставын жана бардык эл аралык эрежелерди бузат.
«Бул өтө кооптуу жана кылмыштуу аракет бардык эл аралык нормаларды жана эрежелерди одоно бузуу болуп саналат, Катар эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуу болуп эсептелет», — деди Багаи шейшемби күнү ирандык улуттук телеканалга берген маегинде.
Иран өкүлү ошондой эле эл аралык коомчулуктун сионисттик режимдин Палестинада жана Батыш Азияда жасап жаткан кылмыштарына карата аракетсиздиги баарына коркунуч жаратат деп эскертти.
Израил режими анын истребителдери Дохадагы ХАМАС жетекчилигине абадан сокку урганын билдирди.
Израилдик «Канн» телеканалынын маалыматына ылайык, Дохадагы бул террордук операция америкалык чалгын кызматынын жардамы менен жүргүзүлгөн.
Катардагы жогорку даражалуу бир аткаминер Израилди айыптап, бул сокку Доха АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф өткөн аптада иштеп чыккан туткундар боюнча келишимди илгерилетип жаткан маалда болгонун билдирди.

















