Ирандын Тышкы иштер министрлиги шаршемби күнү Израил режиминин Йемендин инфраструктурасына жана турак жай райондоруна жасаган чабуулдарын катуу айыптап, эл аралык коомчулукту бул режимдин согушка түрткү берүү аракеттерин токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.
«Сионисттик режимдин аймактагы өлкөлөргө кайра-кайра агрессия жасашы, оккупацияланган Палестинада уланып жаткан геноцид жана күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү фонунда жүрүп, дүйнөдө кабыл алынган укуктук жана нормативдик негиздерди мурда болуп көрбөгөндөй бузду, ошондой эле бардык моралдык жана адамдык принциптер менен стандарттарды тебелеп-тепседи», — деп айтылат Иран ТИМинин билдирүүсүндө.
Министрлик ошондой эле йемен элинин эзилген палестин эли менен туруктуу тилектештигин жогору баалап, сионисттик режимдин аскерий агрессиясында курман болгон бейкүнөө йемендик балдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Мындан тышкары, билдирүүдө ислам өлкөлөрүнүн биримдиги жана кызматташтыгы сионисттик оккупациялык режимдин экспансионизмине жана согушка түрткү берген аракеттерине каршы туруу үчүн зарыл экендиги баса белгиленди.

















