Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израилди Тегеранга каршы экологиялык кылмыш жасады деп айыптап, Израиль өкмөтүн жоопкерчиликке тартууга чакырды.
«Израилдин Тегерандагы күйүүчү май кампаларын бомбалоосу эл аралык укукту бузат жана экологиялык кылмыш болуп саналат. Тургундардын ден соолугу жана өмүрү узак мөөнөттүү зыянга туш болот. Топурактын жана жер астындагы суулардын булганышы келечек муундар үчүн кесепеттерге алып келиши мүмкүн», – деп жазган министр Х соцтармактагы баракчасына.
Аракчи Израил согуш кылмыштары үчүн жазаланышы керек деп кошумчалады.
7-мартта Израиль Ирандын мунай инфраструктураларына биринчи ирет абадан сокку урган. Тегеранда мунай сакталган 30дан ашык резервуарга чабуул жасалган. Иран буга жооп иретинде Израилдин мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урган.
Буга чейин Bloomberg агенттиги эксперттер АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынын узак мөөнөттүү экологиялык таасиринен кооптонуп жатышканын, Тегерандын шаар зонасы ондогон жылдар бою айлана-чөйрөдө сакталып калышы мүмкүн болгон ракеталар жана бомбалардан чыккан уулуу заттар менен булганышы мүмкүн деп кооптонуп жатышканын билдирген.
28-февралда АКШ менен Израил Ирандагы, анын ичинде Тегерандагы буталарга сокку ура баштаган. Иран Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине жооп кайтаруу соккуларын уруп жатат. Эки тарапта тең жоготуулар жана кыйроолор бар.














