Иран агрессияга жооп катары АКШ жана Израилге каршы жаңы соккулар толкунун ишке ашырууда. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) маалымдады.
Маалыматка ылайык, ирандык аскерлер Жакынкы Чыгыш аймагындагы АКШ жана Израилдин бардык объектилерине сокку урууда, ал эми азыркы толкун катары менен тогузунчу болуп саналат. Тактап айтканда, Ирандын куралдуу күчтөрү учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар аркылуу АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн күйүүчү май куюучу танкерине сокку урду.
Ошол эле учурда Ирандын мамлекеттик телеканалы ирандык соккулардын буталарынын катарында Хайфа шаары жана еврей мамлекетинин түндүк бөлүгү болгонун билдирди. РИА Новости агенттиги болсо Тель-Авивдин асманында абадан коргонуу системалары иштеп жатканын кабарлады. Ирандын жаңы соккулары тууралуу маалыматты Израил армиясынын басма сөз кызматы да таратты.
Мурда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган чабуулдары Ирандын агрессорлорго каршы согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө эч кандай таасир этпей турганын билдирген.





















