Ирандын Тышкы иштер министрлиги Британия, Германия жана Франциянын Ислам Республикасына каршы БУУнун санкцияларын калыбына келтирүү процессин баштоо чечимин “провокациялык жана негизсиз эскалация” деп атады.
Тегеран “евроүчтүк” өлкөлөрүнүн аракеттерине “тиешелүү” жооп кайтарат, деп билдирди Ирандын Тышкы иштер министрлиги.
“Кеңири контекстти атайылап этибарга албаган жана окуялардын ырааттуулугун бурмалаган үч өлкөнүн аракеттери кылмышкерди натыйжалуу сыйлап, жабырлануучуну жазалайт. Европанын үч өлкөсүнүн бул чечими Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы уланып жаткан өз ара аракеттенүү жана кызматташтык процессине олуттуу доо кетирет. Мындай чагымчыл жана негизсиз экскалацияга жооп кайтарылат”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
“Үч өлкөнүн кеңири контекстти атайылап көз жаздымда калтырып, окуялардын ырааттуулугун бурмалоосу айыптууну сыйлап, жабырлануучуну жазалаганга барабар. Бул чечим Иран менен МАГАТЭнин учурдагы өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуу процессине олуттуу зыян келтирет. Мындай провокациялык жана негизсиз эскалация тийиштүү жоопту алат”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
АКШ жана “евроүчтүк” өлкөлөрү август айынын аягын өзөктүк келишим түзүүнүн акыркы мөөнөтү катары кароого макулдашкан. Эгерде сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, “евроүчтүк” БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иранга каршы санкцияларын кайра күчүнө киргизе турган snapback механизмин ишке киргизүүнү пландап жатат.
Иран ТИМи белгилегендей, санкцияларды калыбына келтирүү “БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аброю үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет”, анткени snapback механизмин негизсиз колдонуу уюмга болгон ишенимди солгундатат.
“Иран Ислам Республикасы мындай кадамды эл аралык коомчулуктун бардык жооптуу мүчөлөрү катуу түрдө четке кагышы керек экенин баса белгилейт”, – деп айтылат билдирүүдө.
28-августта Улуу Британия, Германия жана Франция snapback механизмин ишке киргизүү демилгесин көтөрдү. Ошол эле учурда, “евроүчтүк” өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясынын мөөнөтүн 30 күнгө узартууга даяр экенин билдиришти. Бул резолюция Иранга каршы санкцияларды жоюуну карайт жана анын мөөнөтү 18-октябрда аяктайт.
Натыйжасыз сүйлөшүүлөр
26-августта Женевада Иран менен “евроүчтүктүн” ортосунда тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде сүйлөшүүлөр болуп өттү. Анда Улуу Британиянын, Германиянын жана Франциянын Иранга МАГАТЭнин инспекторлорун кайрадан өзөктүк объектилерине киргизүү жана жаңы өзөктүк келишим боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандыруу талабы талкууланды. Сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады.
Ирандын бийлиги буга чейин эгер санкциялар калыбына келсе, Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгышы мүмкүн экенин эскерткен. Батыш өлкөлөрү 18-октябрда Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын (JCPOA – өзөктүк келишим) колдогон БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясынын мөөнөтү аяктагандан кийин snapback механизмин ишке киргизе алышат.
Өзөктүк келишим
Иран жана эл аралык ортомчулар тобу (Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ жана Франция) 2015-жылы Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планына (JCPOA – өзөктүк келишим) кол коюшкан. Бул келишим 2004-жылы башталган кризистин аякташын билдирген, анда Батыш өлкөлөрү Тегеранды ядролук куралды иштеп чыгууда деп айыпташкан. АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылы келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.
АКШнын мурдагы президенти Жо Байден бир нече ирет АКШны өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин билдирген. Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ жана Франция 2021-жылдын апрелинен тартып Иран менен Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планын баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн, бирок алар да натыйжасыз аяктаган.


















