Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана аны коштогон делегация Рим шаарына келишти. Бул жерде Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен Ислам Республикасынын ортосундагы кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтөт.
Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи маалымдагандай, Италияда сүйлөшүүлөр министрлер деңгээлинде, бирок кыйыр түрдө, Оман өлкөсүнүн тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаидинин ортомчулугу менен өткөрүлөт.
Багаи ошондой эле алдыдагы сүйлөшүү раунду пикир келишпестиктерди толук чечпей турганын белгиледи.
«Бул жол эң түз жол эмес экенин түшүнөбүз, бирок биз ар бир кадамыбызды көзүбүздү чоң ачып, мурунку тажрыйбабызга таянып жасап жатабыз», — деди дипломат.

















