Ирандын Жерди алыстан зонддоо үчүн иштелген жаңы “Zafar-2” спутниги, ошондой эле “Kousar-1.5” жана “Paya” аттуу дагы эки спутник 28-декабрда россиялык “Союз” ракета-ташгычынын жардамы менен “Восточный” космодромунан космоско учурулат.
Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы “Zafar-2” спутниги 2020-жылдын башында Инд океанына кулап түшкөн “Zafar-1” спутнигинин ийгиликсиздигин толуктоо үчүн жасалган. Ал “Simorgh” аттуу иран ракета-ташгычы аркылуу орбитага чыгаруу аракети учурунда кырсыкка учураган.
Тегеран жаңы спутниктин жардамы менен бир катар маанилүү милдеттерди аткарууну пландап жатат. Алардын арасында өлкөнүн айыл чарба жерлеринин так картасын түзүү, дарыялар менен көлдөрдөгү суунун деңгээлин так мониторинг кылуу, ошондой эле жер титирөө, суу ташкыны жана башка табигый кырсыктардан жабыркаган аймактардын карталарын ыкчам даярдоо бар.
Иран буга чейин да өзүнүн спутниктерин Россиянын космодромдорунан бир нече жолу учурган. Ислам Республикасы космос программасын 2004-жылы ишке киргизген жана 1959-жылы түзүлгөн БУУнун Космосту тынчтык максатында пайдалануу боюнча комитетинин негиздөөчү 24 өлкөсүнүн катарына кирет.


















