Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ жана Израил менен болгон аскердик жаңжалда биринчи жолу радарларга байкалбаган реактивдүү жаңы “Хадид-110” дронун колдоно баштады.
Бул тууралуу Fars news агенттиги кабарлады.
Дрон биринчи жолу 2025-жылы көрсөтүлгөн. Ал аз габариттүү турбореактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган, эң жогорку ылдамдыгы саатына 510 чакырым.
Анын учуу аралыгы 350 километр. Анын согуштук бөлүгүнүн салмагы 30-50 кг. Дрондун конструкциясы аны радиолокациялык көрүнүү мүмкүнчүлүгүн азайтат, бул аны абадан коргонуу системалары үчүн кыйын бутага айлантат.



















