Иранда Жогорку лидер Али Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Өлкө боюнча мечиттерде аза күтүү желектери көтөрүлдү.
Өлкө боюнча массалык аза күтүү иш-чаралары башталды.
1-мартка караган түнү Ирандын мамлекеттик телеканалы Жогорку лидер Али Хаменеи АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгонун жарыялады. Аятолланын кызы, күйөө баласы, небереси жана келини дагы каза болушкан.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн тарыхындагы эң кубаттуу чабуул башталганын жарыялады.




























Discussion about this post