Иран бийлиги АКШ тарабынан чабуул жасалган үч ядролук объект алдын ала эвакуацияланганын билдирди. Бул тууралуу Иран мамлекеттик телерадиокомпаниясынын саясий маселелер боюнча орун басары Хасан Абедини түз эфирде билдирди.
Абедининин айтымында, АКШнын аба соккулары башталганга чейин тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.
Иран парламент төрагасынын кеңешчиси Мехди Мохаммади да билдирүү жасап, АКШнын чабуулдары ирандык ядролук объекттерге олуттуу же орду толгус зыян келтирбегенин айтты. Анын айтымында, Иран бийлиги объекттерди коргоо үчүн алдын ала чара көрүп, алар ийгиликтүү эвакуацияланган.
21-июнга караган түнү АКШнын B-2 үлгүсүндөгү аскердик бомбалоочу учактары Ирандагы Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы ядролук объекттерге абадан сокку урган.
АКШ президенти Дональд Трамп бул операцияны Вашингтондун Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу кагылышка берген жообу катары мүнөздөдү. Ал эми Иран согушту токтотушу керектигин айтып, АКШ азыр жооп күтүп жатканын кошумчалады.
Белгилүү болгондой, Трамп өз элине кайрылуусун 22-июнда, саат 22:00дө (Москва убактысы боюнча 5:00) жасаган.


















