23-июнь күнү кечинде Ирандын куралдуу күчтөрү Катардын борбору Доханын түштүк-батышында жайгашкан америкалык Аль-Удейд авиабазасына чабуул жасады.
“Tasnim” агенттиги маалымдагандай, Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул сокку АКШнын Ирандын “тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерине” каршы аскердик агрессиясына жана “эл аралык укуктун одоно түрдө бузулушуна” жооп иретинде жасалганын билдирди.
Аль-Удейд – АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы жана АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) оперативдүү штабы жайгашкан.
Операция Иранда “Башарат аль-Фатах” (“Жеңиш кабары”) деп аталды.
“Ислам революциясынын сакчылар корпусу Катардагы Аль-Удейд базасына кыйратуучу жана күчтүү ракеталык сокку урду”, – деп айтылат сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул сокку – “Ак үйгө жана анын союздаштарына” – Иран “эч кандай шартта өзүнүн аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана улуттук коопсуздугуна кол салууну жоопсуз калтырбайт” деген билдирүү экенин белгиледи.
Иран бийликтери алар Аль-Удейд авиабазасында канча ракета учурганын так айта элек, бирок алар АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруу үчүн буга чейин колдонгон бомбаларынын саны менен бирдей болгону маалымдалды.
Ирандын Катардагы бутасы АКШнын гана базасы болгон.
Катардын Коргоо министрлиги Ирандын соккусунан курмандыктар жана жабыркагандар жок экенин билдирди.
Эске салсак, 22-июнга караган түнү АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Натанз, Фордо жана Исфахан шаарларында сокку урган. Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму Исфахан, Натанз жана Фордоу шаарларындагы объектилерге кол салуу болгонун ырастап, аны эл аралык мыйзамдарды бузуу деп атады. Уюм Тегеран соккуга карабай өзөктүк тармакты өнүктүрүүнү уланта турганын баса белгиледи.
Иран парламентинин төрагасынын кеңешчиси Мехди Мохаммади Тегеран Фордо объектисине кол салууну күткөнүн, ал эвакуацияланганын жана орду толгус зыянга учурабаганын билдирди. Tasnim агенттигинин кабарчысы, Фордо шаарындагы өзөктүк объект АКШнын соккусунан жарым-жартылай гана жабыркаганын билдирди.
Бул Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал күчөгөндөн бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин болду.
13-июнга караган түнү Израилдин аскерлери Иранга каршы масштабдуу операция баштап, кол салууларда Ирандын жогорку даражалуу аскер адамдары жана ядролук илимпоздор каза болушкан. Буга жооп катары Иран 14-июнга караган түнү Израилди көздөй баллистикалык ракеталардын бир нече толкунун учурган. Куралдуу кагылышуу 11 күндөн бери уланып, эки тарапта тең жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар жарадар болду. Тегеран Израиль бомбалоону токтотмоюнча ага карата аткылоолор токтобой турганын билдирген.



















