Тегеран АКШдан өзөктүк объекттерге урулган соккулар үчүн келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну шарт катары койду.
Иран АКШдан Израиль менен болгон июнь айындагы 12 күндүк согушта келтирилген чыгым үчүн компенсация төлөөнү талап кылды. Бул талап Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчинин сөзү менен Financial Times гезити аркылуу жарыяланды.
Анын айтымында, бул талап АКШ менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруунун негизги шарттарынын бири болуп саналат.
«Алар бизге түшүндүрүп беришсин — эмне себептен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда бизге кол салышты жана мындай окуя кайра кайталанбашына кепилдик беришсин. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек», — деди Аракчи.
Министр Вашингтондун ишеним жаратуучу реалдуу кадамдарга барышы зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдүн кайра жандануу мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок буга Иран жетекчилигин ишендирүү керектигин кошумчалады.
«Эгерде биз сүйлөшүүлөргө барсак, анда каршы тарап чынында эле өз ара пайдалуу келишим түзүүгө чындап умтулуп жатканына ишенишибиз керек», — деди ал.
Согуштун чоо-жайы:
Израил өзүнүн чабуулун Тегеран ядролук бомбага өтө жакын калган деп эсептеп, алдын алуу максатында баштаганын билдирген.
Иран жооп катары Израилдин аймагына сокку урган.
22-июнга караган түнү АКШ согушка аралашып, Фордо, Натанз жана Исхафан шаарларындагы ири ядролук объекттерге сокку жасаган.
Мунун жообу катары Иран АКШнын Катардагы аскердик базасына сокку урган.
24-июнда Дональд Трамп тараптар арасында убактылуу ок атышууну токтотуу жөнүндө жарыялаган.
Аракчинин айтымында, АКШ ядролук программаны талкаланды деп жарыялаганы менен, Иран буга чейин курулган имараттарды калыбына келтирип, жабдууларды алмаштырууга жана программа боюнча иштерди улантууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ал Иран уран байытуу процессинен баш тартпай турганын, ошондой эле Европа тарап санкциялар тууралуу коркутууларын ишке ашырса, алар менен диалогду токтотушу мүмкүн экенин эскертти.



















