Иран менен АКШнын өзөктүк сүйлөшүүлөрүнүн 5-айлампасынын датасы белгиленди, бирок бекитүүнү күтүп жатат жана ал жакында жарыяланат.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи “Тегеран диалогу” форумунун алкагында билдирди.
Жекшемби күнү эртең менен Ирандын борборунда “Тегеран диалог” форуму ачылды. Иш-чара Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Саясий жана эл аралык изилдөөлөр борборунда өтүп жатат жана ага Ирандын жана Жакынкы Чыгыштын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда.
“(АКШ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн – ред.) дата аныкталды, бирок бекитилүүгө тийиш… (Ал – ред.) жакында жарыяланат”, – деди Арагчи.
Ал Иран тарап Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди карманарын, Тегеран өзөктүк курал жасабоону көздөбөрүн билдирди.
Эки күн башта Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади Иран Стамбулда “Европалык үчтүк” (Улуу Британия, Германия, Франция) менен өзөктүк маселе боюнча АКШ менен болгон кыйыр сүйлөшүүлөрдүн акыркы абалын талкуулаганын билдирген.
Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы 11-майда өткөн. Иран тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасын татаал деп атады. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин айтымында, бул раундда тараптардын позициялары жакындашып, сүйлөшүүлөрдө “прогресс байкалууда”. Ошол эле учурда ал Иран АКШ менен ишенимди түзүү үчүн уранды байытуу деңгээлин жөнгө салууга даяр экенин, бирок байытуудан толук баш тартууга ниети жок экенин баса белгиледи.
Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн биринчи жана үчүнчү айлампасы 12 жана 26-апрелде Оманда, экинчиси 19-апрелде Римде өткөн. Сүйлөшүүлөргө Иран тараптан Тышкы иштер министрлигинин башчысы, америкалык тараптан АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф катышууда.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.

















