Иран келечекте АКШ менен өзөктүк программа боюнча түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр, бирок бир гана шарт менен — эгер Вашингтон тең укуктуулук жана өз ара урматтоо принцибин кабыл алса.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Fox News телеканалынын журналистине берген маегинде билдиргендигин РБК маалымдады.
“Азыр — жок. Бирок, мүмкүн, келечекте. Бул толугу менен АКШнын Иран менен тең ата жана өз ара урматтоого негизделген мамилеге даярдыгына жараша болот”, — деди Аракчи.
Анын айтымында, түз сүйлөшүүлөрдүн азырынча болбой жатканынын себеби — мурунку өзөктүк келишим (СВПД) ийгиликсиз болгону.
Иран менен АКШ буга чейин Омандын ортомчулугу менен беш жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Алтынчы айлампа 15-июнга белгиленген болчу, бирок 13-июнга караган түнү Израиль Иранга каршы операция баштап, анын себебин Тегерандын өзөктүк бомба жасоого жакындап калганы менен түшүндүргөн.
Бул окуядан кийин АКШ да жаңжалга аралашып, Ирандагы Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектти бомбалады. Иран жооп кайтарып, өз операциясын жарыялаган.
Ирандын ТИМи АКШнын бул чабуулдарынын кесепеттери өте олуттуу болорун билдирген. Ошол эле учурда Тегеран өзүнүн тынч өзөктүк энергетикасын өнүктүрүүнү улантарын белгилеген.
Бираз убакыт өткөн соң, АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу жарыя кылган.
Ал эми Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи акыркы билдирүүсүндө Иран АКШга жана башка өлкөлөргө мурункусунан да катуураак сокку урууга жөндөмдүү экенин айткан.

















