Ирактын Найнава провинциясында үйлөнүү үлпөт тою ири өрт жана жүздөгөн адамдардын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.
Ирактын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен 93 адам каза болуп, дагы 100дөй киши жарадар болгон.
Бирок буга чейин Ирактын Кызыл Жарым Ай коому өрттөн жана түтүндөн 450дөн ашуун адам жабыркаганын билдирген. Найнава провинциясынын губернаторунун орун басары Хассан ал-Алаф окуядан 113 киши каза болгонун, бирок бул так сан эмес экенин, анткени үлпөт тоюнда миңге жакын конок болгонун жана өрт башталганда имарттын чатыры адамдарга кулаганын Rudaw телеканалына билдирген.
Ирактын жарандык коргонуусунун алдын ала маалыматы боюнча өрткө фейерверк себеп болушу мүмкүн. Фейерверк үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан залда күйгүзүлгөн, бул өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу болуп саналат.
Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу Ирактын Найнава провинциясынын губернатору Нажм аль-Жабури провинцияда бир жумалык аза күтүү жарыялады.
Ирактын президенти Абдул Латиф Рашид трагедиянын себебин иликтөөнү тапшырды. Учурда окуяга байланыштуу бийлик тогуз адамды кармады.