Иорданиянын падышасы Абдалла II бин аль-Хусейн 25-августтан 27-августка чейинки сапары учурунда Өзбекстан жана Казакстанга барат.
Өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Абдалла II 25-августта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келет.
“Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Иорданиянын Хашимит Падышачылыгынын Падышасы Абдалла II ибн аль-Хусейн үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда биздин өлкөгө мамлекеттик сапар менен келет. Жогорку даражалуу коноктун сапарынын программасындагы негизги иш-чаралары Самарканд шаарында өтөт”, — деп айтылат маалыматта.
Саммиттин күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, химия, фармацевтика, агрардык, текстиль, тоо-кен жана башка тармактарда кызматташууну түзүү, маданий-гуманитардык алмашууну кеңейтүү маселелери бар.
Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык саясаттын актуалдуу аспектилери боюнча пикир алмашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу келишимдердин пакетине кол коюу пландалууда.
Өзбекстандан кийин Абдалла II Казакстанга барат. Акорда маалымдагандай, Иорданиянын падышасы Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен өлкөгө 26-27-августта расмий сапар менен келет.
Астанага болгон сапардын алкагында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө казак-иордан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болот.
















