Индия менен Кытай түз аба каттамдарын уюштуруу боюнча макулдашууга келишти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Индиянын тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.
Пекинде өткөн жолугушууда Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И тараптар “гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү максатында” түз аба каттамдарын жана өз ара сапарларды уюштурууга багытталган практикалык кадамдарды жасоо жөнүндө макулдашты.
Индиянын ТИМинин билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана келечекке багытталган деп бааланып, министрлер мындан ары да байланышты эки тараптуу сапарлар жана жолугушуулар аркылуу уланта турганын билдиришкен.



















