Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин демилгеси менен адамдар көз жумгандан кийин анын сөөгүн өрттөө тууралуу мыйзам долбоору даярдалды. Андыктан эл өкүлү Кыргызстанда сөөк өрттөөгө уруксат берилди деп билдирип, крематорийлер салына тургандыгын жар салды. Бул маселеге ислам динин көз карашы кандай? Биз маркумдун сөөгүн өрттөө тууралуу дин таануучу Иманбек Азизилла уулуна айрым суроолор менен кайрылдык.
– Иманбек таксыр, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин адамдын көзү өткөндөн кийин анын сөөгүн өрттөө же крематорий тууралуу демелгесине кандай карайсыз?
– Бул демилге маркумду акыркы сапарга узатууну мыйзамдаштыруу үчүн сунушталды окшойт. Ал эми кремацияга зарылдык бар беле, кандай муктаждык жаралды, мен да таң калып турам.
– Ислам дини крематорийге кандай карайт?
– Ислам шариятында өлүктү өрттөө жок (жаиз эмес). Анткени ислам дини сөөккө маани берет. Аны кордоого, талкалоого, өрттөөгө жол берилбейт. Бир дагы ишенимдүү дин аалымы өлүктү өрттөсө болот деп фатва берген эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Өлүктүн сөөгүн сындыруу тирүү жандын сөөгүн сындыргандай» деп сөөккө зыян берүүгө болбостугун айткан. Мында маркум ооруну сезбесе да, инсан урматтуу жан болгондуктан аны кордоого болбойт деген маани жатат. Бирок маркумдун жакындарынын уруксаты менен күнөөкөрдү аныктоо же кишинин өлүмүнүн себебин изилдөө үчүн медиктер тарабынан текшерүү (вскрытие) башка маселе.
-Дегеле, сөөктү кимдер, тагыраагы кайсы динди кармангандар өрттөйт?
– Индуизм кармануучулары, буддисттер, айрым христиан багыттары жана кээ бир кытай ишенимдеринде сөөктү өрттөшөт. Ал эми исламда өлүктү өрттөө арам делет. Ал боюнча жогоруда айтылды. Өлкөнүн 90 пайызы мусулманчылыкты карманарын эске алганда, бул нерсеге балким негиз жок болчу. Ислам түшүнүгүндө адамды от менен жазалоо же тазалоо Жаратканга гана таандык нерсе. Салтыбызда да сөөктү өрттөө жок.
– Бирок, биздин эл ислам динин кармангандыгына байланыштуу бул маселе азыр коомчулукта кызуу талкуу болуп, кайчы пикирлерди жаратты. Балким, оболу түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек беле?
– Эми түшүндүрө турган, түшүнүксүз болгон деле жагдай жок го дейм. Өзүн мусулман эсептеген адам эч качан сөөгүн өрттөөгө макул болбосо керек. Ал тургай мусулман киши «өлсөм өлүгүмдү өрттөгүлө» деп керээз калтырса да, аны аткаруу шариятка жатпайт. Андыктан бул нерсе башка диндегилерге же динсиздерге тиешелүү окшойт. Мындай адамдар ансыз деле ислам эрежелерин тааныбайт да.
– Бирок мазарлар толуп, жер тарып кетип атпайбы?
– Шаар жеринде бул маселе бар. Аны чечүү жолдору да бар деп ойлойм. Мисалы, сөөк чирип, топуракка айланып кеткенден кийин кайрадан иштетсе болот. Ошого жупуну эле көмгөн жакшы. Адамды тирүүсүндө сыйлабай, көзү өткөн соң көп акча сарптап, күмүш же алтындан эстелик куруп, «өлүүлөр шаарчасын» курууга негиз жок. Анан түптүз жерлер азайып баратса, жантайыңкы жерлер көп. Аларды карап көрсө болот. Бирок арадан доорлор өтүп, адам саны кескин көбөйүп, чын эле жер өтө тарып, чын эле сөөк батпай калса, анда ошол доордун аалымдары чыгып, кандайдыр бир чечим кабыл алышар.
– Молдолордун жакынын жоготкондор үчүн өлүккө ыйлоого тыюу салганы туурабы?
– Дин ыйлоого тыюу салбайт. Болгону кайгыга алдырып, Кудайга жана тагдырына акаарат кылуудан тосот. Ошондой эле өкүрүп-бакырып, бетин, чачын жулуп, өзүн жоготууну жактабайт. Жакынын жоготуу кайгысын көтөрө албай, нерв системасына доо кетирип, түрдүү ооруга кабылуудан тосот. «Кудай берди, Кудай алды» деп үйрөтөт. Белди бекем бууп, кайрадан жашоону улантып кетүүгө кызыктар. Дегеле, «кайраттуу бол, бекем бол, мардам бол» деп кайрат айтып, жүрөгүн тынчтантып, канаат бергендин неси жаман. Же эмне, «ии шордуу, кана ыйлачы, өксү бечара!» демек беле. Адамдар кызык. Салтыбызда да кайрат айтуу бар. Куран окутуунун мааниси абдан зор. Аны азыркы нарк-насилди жамынган псевдо-салтчылдар менен Курандын өлүккө пайдасы жок деген «чала молдолор» кайдан билсин. Курандын өлүккө да, өлүктүн жакынына да пайдасы бар. Руханий, сооптук гана эмес, психологиялык пайдасы да толтура. Мисалы, өксүп олтурган адамга уккулуктуу Куран аяттары окулса, жүрөгү тынчтык таап, тагдырга там берип, өзүнө келе түшөт.
– Өлүктү шашылыш көмүүгө кандай карайсыз?
– Адам баласынын өзү кадырлуу болгондой эле, сөөгү да кадырлуу. Аны көп сактаса сөөк бузулуп, адам чыдагыс болуп жыттанып кетет. Ошол себептүү маркумдун урматын жайына коюп, өз убагында жерге берген туура.
Пайгамбар (с.а.в.) да ошого үндөгөн. Бирок бул өтө шашылыш түрдө көмгүлө деген мааниге келбейт. Андыктан аба-ырайы өтө ысык болбосо, алыстагы жакындары келип, топурак салышы үчүн кичине күттүрүүгө болот. Анткени зарылдык бар. Анан күтөт десе 4-5 күн же 10 күн өлүктү кармап отуруп алуу туура эмес. Адамды тирүүсүндө жарытып урматтабай, руху эбак чыгып кеткен сөөктү тимеле ардактап калгандар бар. Эгер сөөк өз убагында жерге берилбесе, кандай зыян экенин саламаттыкты сактоо адистери айтса жакшы болот. Биз тарыхтан билгендей, эгер сөөктөр жерге убагында жашырылбаса, көптөгөн жугуштуу оорулар каптап, нечендеген киши набыт болгону маалым. Демек, кээ бир жарандар нарк-насилди бетке жамынып, Кыргызстандын 90 пайызы карманган мусулманчылыкка душмандык кыла бергени абийир иши эмес.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.















