Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын жеке байлыгы биринчи жолу 500 миллиард доллардык чектен ашты. Forbes Real-Time Billionaires рейтингине ылайык, Масктын байлыгы 1-октябрда $500,1 миллиардга жетип, бул аны дүйнө тарыхындагы алгачкы жарым триллионерге айлантты.
Time.com сайты жазгандай, аналитиктер бул рекорддук өсүштү Tesla акцияларынын баасынын жогорулашы жана SpaceX компаниясынын наркынын көбөйүшү менен түшүндүрүшүүдө. Азыркы тапта SpaceXтин жалпы баасы 400 миллиард долларга жакындап, анда Масктын үлүшү 40 пайыздан ашкан. Ошондой эле анын байлыгына xAI жана башка стартаптардагы активдери да олуттуу салым кошкон.
Кызыгы, акыркы күндөрү Tesla директорлор кеңеши Маск үчүн жаңы компенсациялык пакетти сунуш кылып, белгилүү шарттар аткарылган учурда ага кошумча миллиарддаган долларлык акциялар берилиши мүмкүн экенин билдиришти. Бул пакет толугу менен ишке ашса, Масктын байлыгы дагы өсүшү мүмкүн.
Айрым аналитиктер эгер азыркы темп сакталса, Маск 2033-жылдын март айына чейин дүйнөдөгү биринчи триллионер боло алат деген божомолдорду айтышууда. Бирок бул рыноктук өзгөрүүлөргө, технологиялык чакырыктарга жана компаниялардын көрсөткүчтөрүнө жараша өзгөрүшү ыктымал.
Учурда Масктын негизги байлыгы Teslaдагы үлүшүнө таянат, бирок анын космостук жана жасалма интеллект тармагындагы долбоорлору да маанилүү роль ойнойт. Экономикалык серепчилер бул тарыхый көрсөткүчтү технологиялык индустриянын тездик менен өсүшүнүн дагы бир далили катары баалашууда.



















