Америкалык ишкер Илон Маск АКШда адамдардын кызыкчылыгын көздөгөн жаңы саясий партияны түзүүгө чакырып, президент Дональд Трамптын мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан кескин сындады.
Маск социалдык тармактагы билдирүүсүндө мындай деди:
“Бул мыйзам долбооруна болгон акылга сыйбаган чыгымдар жана мамлекеттик карыздын чеги тарыхта биринчи жолу $5 трлн.го жогорулаганын эске алганда, биз чындыгында **бир партиялуу өлкөдө жашап жатканыбыз ачык көрүнүп турат.”
Ал АКШда элге чыныгы кам көрө турган жаңы саясий күч пайда болушу керектигин белгиледи.
Буга чейин Маск АКШда үчүнчү ири партия түзүү демилгеси менен чыккан. Анын айтымында, бул жаңы саясий кыймыл “The America Party” (Америка Партиясы) деп аталышы мүмкүн.















