Союздун дүйнөдөгү эң күчтүү илимий-турмуштук талаптарга төп келген бирдиктүү эл-чарба системасы – кебелбес, кубаттуу өлкөнү курууга өбөлгө болгон.
Мамлекеттик түзүлүш, коомдук өнүгүүнун баардык тармактары илимге негизденип гана өнүгө алат. Туруктуу өнүгүүгө багыт алган мамлекеттин эң негизги ачкычы эле илим, билимге басым жасоодон башталат. Илим-билим аркылуу тарыхыбыз, маданиятыбыз, экономикабыз керек болсо руханий-аруулук көрөңгөбүз өнүгөт жана кармалып турат.
Тема боюнча:
“Бүтүндөй элди жок кылам десең тарыхын, тилин, илим-билимин жок кылсаң мамлекет менен кошо эли да жок болот” –деген айныгыс чындык да коом таануу жана этностордун өнүгүү жолун изилдеген илимий тармактар аркылуу эбак эле ачыкталган. Акыркы жылдары “ачык либералдык коом” аталышындагы жолду сырткы күчтөр таңуулап келет. “Дүйнөлүк Өкмөт” курабыз деген котур ташы койнундагы ал күчтөр адамдын жан дүйнөсү менен мээсин кошо менчиктештиргенге чейин жетип калышты. Анын бир мисалы өлкөбүздөгү акыркы жылдары максаттуу жүргүзүлүп келе жаткан идеологиялык диверсиялар, экономикалык тармакты талкалоо, жакындан бери КРнын Илимдер Академиясынын колу-бутун кесип, кыскартып анын милдеттерин жогорку окуу жайларга чачыратып, акырындык менен улуттук илимдин очогун өчүрүү саясатынын артында кимдер турат? Президентке туура эмес маалымат беришип, сырткы күчтөрдүн заказын аткарган кызматкерлер эң жогорку эшолондо оролошуп жүгөнү өкүнчтүү. Бар нерсени жок кылуу оңой, түптөп чыгуу кыйын. Биз сөз кылып жаткан тармактагы алешем иштер жөнүндө КРнын Президенти Жапаровго илим тармагынан чыккан чыгаан окумуштуулар, Эл баатырлары Кайрылуу жасашып, шашылыш даярдалган “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкты кайра чакыртып алуу сунушу менен чыгышты.
Өткөн жылы ноябрь айында өткөн Элдик Курултайдын Резолюциясында илим маселесине өзгөчө маани берилген төмөнкүдөй сунуштар бар:
“Мамлекеттик-коомдук өнүгүү илимий талапка таянып жүргүзүлгөндө гана ырааттуу өнүгүү боло тургандыгын эске алып, илим-билим, технология-инновация, санарип тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлоруна артыкчылык берилип, тийиштүү каражаттардын бөлүнүшүнө шарт түзүү;
Элдин саламаттыгын сактоо тармагынын ишин жогорку деңгээлге көтөрүү максатында илимий изилдөөлөргө басым жасоо;
Жашоо-турмуштун бардык тармактарын өнүктүрүүдө илимдин мааниси зор экендигин эске алып, ИДПнын 2,5 % тен кем эмес бөлүгүн илим изилдөө ишмердүүлүгүнө бөлүү ж.б”
Ал эми реалдуу турмушта улуттук кызыкчылыкка карама-каршы келе турган иштердин болуп жаткандыгын көрүп туруп, ага кайдыгер болууга акыбыз жок. Бул процесстин аягы мамлекттүүлүктүн түркүгүн солкулдатууга алып бара турган опурталдуу кадам экендигин дагы бир жолу эскерте кетүүнү туура көрдүм. Ал эми КР Улуттук ИАсында илим изилдөө иштери кандай жүрүп жатат…..? Ал өзүнчө талдоого ала турган маселе. Мамлекет да өз кезегинде татыктуу маани берип, талапты катуу коюп, көзөмөлдөп-сурап алуу мүмкүнчүлүгүн колдонушу шарт.
Кадыр Кошалиев,
Биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин Төрагасы.