Азербайжандын президенти Илхам Алиев 14-сентябрда күтүүсүз Душанбеге барып, Тажиктандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Талдоочулардын пикиринде, бул сапардын максаты – Армения менен болгон жаңжалда союздаштардын колдоосун табуу болуп эсептелет.
Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубновдун айтымында, эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабак республикасындагы президенттик шайлоодон улам Армения менен Азербайжандын мамилелери чыңалып турган маалда Алиевге тез арада аймактагы өлкөлөрдүн колдоосу зарыл болууда.
“Душанбеде Алиев Ереван менен тынчтык келишимин түзүү үчүн Баку макул боло турган өз шарттарын, ошондой эле бүгүнкү күндө курч маселе болуп турган Тоолуу Карабактагы гурманитардык каатчылыкты токтотуу боюнча өз пикирин айтууга трибуна алат”, – деди Дубнов.
Тажикстандык саясат талдоочу Парвиз Мулложанов да Алиевдин Душанбеге жасаган күтүүсүз сапарынын негизги себеби катары Армения менен болгон мамилени атады. “Бул согуш башталып кетиши мүмкүн болуп турган Армения менен жаңжалга байланыштуу болушу ыктымал. Алиев Жамааттык коопсуздук келишим уюумуна мүчө өлкөлөрдөн дипломатиялык жардам издеп жатышы мүмкүн”, – деди Мулложанов.
Борбор Азия боюнча америкалык эксперт Брюс Паннирдин пикиринде, Алиев Душанбеге Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрү, Каспий деңизи, Азербайжан жана Түркия аркылуу өтүп Европага кете турган транспорттук коридорлордун долбоорлору боюнча сүйлөшүү үчүн барды. “Азербайжан бул коридорлорду дал азыр, Россия аркылуу каттамдар оор болуп турганда ачууга аракет кылып жатат. Ал Тажикстанга ушул максатта барды деп ишенимдүү айта алам”, – деди Паннир.