Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо компаниясы башталгандан бери мыйзам бузуу боюнча 96 маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.
Ал “Биринчи радиого” берген маегинде мунун ичинен 10 факты боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
Жети арыз боюнча добуш сатып алуу, андан тышкары бейбаштыкка байланыштуу да иш ачылган. Султан Макилов бул кайсы партиялардын талапкерлерине тиешелүү экенин тактаган жок.
17-ноябрда Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер, 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей адам ат салышты.
ИИМдин маалыматы боюнча шайлоо тынч жана ожоно мыйзам бузуусуз өттү.
















