Орозо башталганда Ош шаарында “Ифтар базар” ачылат. Бул мурда азыркыдай популярдуулукка ээ эмес эле, бирок акыркы жылдары орозо айы башталаары менен “Ифтар базарынын” базары да кызый баштайт. Аны сатуучулар шаардын ар кайсы райондорунда уюштуруп алышат.
Ал жерде ден соолукка пайдалуу делген даяр тамак аштардын түрү сатылат. Атап айтканда, салаттан тартып, тоок эти, уй эти, куюлган өпкө, холодец, балык, майда манты, самса, түрдү формадагы даамдуу нандарга чейин сатылат. Бул чүйгүн тамактардын базары ооз ачаарга аз калганда кызыйт.
Эгер Ошко орозо маалында келип калсаңыз, бул даамдардан сыза кетиңиз!

































Discussion about this post