Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) өкүлү Яхья Сария Израил Армиясынын (ЦАХАЛ) Негев чөлүндөгү объектисине жана Израилдин түштүгүндөгү Эйлат шаарындагы портко дрондор менен чабуул жасалганын жарыялады. Бул тууралуу Al Masirah телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, чабуул үчүн учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) колдонулган. Алардын экөөсү Негевди көздөй, бирөөсү Эйлатты көздөй учуп барган. Хуситтердин басма сөз кызматы билдиргендей, дрондор белгиленген максаттарга жетип, ийгиликтүү сокку урулган.
Буга чейин хуситтер Израилдеги Бен-Гурион аэропортуна баллистикалык ракета менен сокку урганын билдиришкен.
📅 7-июлда Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Йемендин «Ансар Аллах» кыймылына каршы жаңы аскердик операция башталганын жарыялаган. «Кара туу» операциясынын алкагында Ходейда, Ас-Салиф жана Рас-Иса портторуна, Рас-Катиб электр станциясына жана хуситтер тарабынан эки жыл мурда басып алынган Galaxy Leader кемесине күчтүү соккулар жасалган.
Буга чейин Йемен жээгинде чабуулга кабылган грек жүк кемеси чөгүп кеткен.


















