Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) Тель-Авивдеги “Бен Гурион” аэропортуна гиперүндүү баллистикалык ракета менен сокку урушту. Кыймылдын аскерий өкүлү Яхья Сариянын айтымында, операция “максатына жетти”.
“Ракеталык күчтөр уникалдуу аскердик операция жүргүзүп, Палестина-2 тибиндеги гиперүндүү баллистикалык ракетаны колдонуу менен Лод аэропортуна (Бен Гурион) чабуул жасашты. Операция өз максатына ийгиликтүү жетти”, – деп билдирди ал Al Masirah телеканалына.
Ал чабуулдун натыйжасында аэропорттун иши токтотулганын белгиледи.
Буга чейин Израил армиясынын басма сөз кызматы Израилдин аба күчтөрү Йеменден учурулган ракетаны кармап алганын билдирген. Израилдин бир катар райондорунда абадан чабуул коюунун сиреналары иштетилген.
Күн мурун Израилдин аба күчтөрү Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан Ходейда портуна чабуул жасаган. Израил армиясынын билдирүүсүнө ылайык, соккулар порттун инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн колдонулган жабдууларды, күйүүчү май цистерналарын, ошондой эле порт сууларындагы хуситтердин кемелерин бутага алган.
Хуситтердин өкүлүнүн Agence France-Presse агенттигине билдиргенине караганда, Израилдин чабуулунан кеме токтоочу жайлардын бири талкаланган. Кийинчерээк “Ансар Аллахтын” аскерий өкүлү хуситтер чабуулга жооп иретинде Израилдеги беш жерге учкучсуз учактар менен сокку урганын билдирген.
2023-жылдын аягынан тарта хуситтер Израилге жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды учурушкан. Алар мындай аракетин Газа секторунда жүрүп жаткан Израилдин аскердик операциясына каршы, палестин элине болгон тилектештик катары түшүндүрүшкөн. Бул чабуулдардын көбү ракетага каршы коргонуу системалары тарабынан тосулган, бирок Израил аймагына тийген учурлар да катталган.
Буга жооп катары Израиль Йемендеги хуситтерге каршы бир катар масштабдуу аба соккуларын жасап, хуситтердин объектилери — порттор, электр станциялар, заводдор жана Сана аэропорту бутага алынган.


















