Худжандда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчыларынын тарыхтагы биринчи үч тараптуу саммити өтөт.
Борбор Азия чөлкөмүндөгү коңшу мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу 31-мартка пландалууда.
Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Байсалов БУУнун бийик трибунасынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгы биротоло макулдашылганын жарыялап, бул окуяны “дипломатиянын жана саясий эрктин тарыхый салтанаты” деп атады.
“Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун көрөгөч жетекчилигинин, анын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында мүмкүн болду. Биз эң татаал маселелер да диалог, өз ара урматтоо жана ишеним аркылуу чечиле тургандыгын далилдедик”, — деп баса белгиледи ал.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашууга жетишишкен. Документке Бишкекте эки өлкөнүн УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшкан.



















