“Хезболла” кыймылынын башкы катчысы Шейх Наим Касем Ливан өкмөтүн Израиль менен түз сүйлөшүүлөрдү токтотууга чакырды.
“Бийликтин милдети – Израиль менен түз сүйлөшүүлөрдү токтотуп, кыйыр сүйлөшүүлөргө өтүү”, – деп баса белгиледи Касем.
Ал ошондой эле Ливан өкмөтү улуттук диалогго кайтып келип, Израилдин агрессиясына каршы турган “Хезболланын” куралдуу канатына тыюу салуу чечимин жокко чыгарышы керектигин белгиледи.
«Бийлик улуттук кызыкчылыктарды биринчи орунга коюп, “Хезболла” күчтөрүн мыйзамсыз деп тапкан 2-марттагы уятсыз чечимди жокко чыгарышы керек», – деп баса белгиледи саясатчы.
Ал өкмөттү Америка менен Израиль ортосундагы кутумга каршы туруу үчүн ички консолидацияны күчөтүү максатында диалогго чакырды.
Белгилей кетсек, 23-апрелде АКШда Ливан өкмөтү менен Израилдин ортосундагы элчилер деңгээлиндеги түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өткөн.
2-мартта Ливан өкмөтү өлкө боюнча “Хезболланын” куралдуу ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Премьер-министр Наваф Салам уюмдан курал-жарактарын Ливан армиясына өткөрүп берүүнү жана өз ишмердүүлүгүн конституциялык нормалардын алкагында саясий чөйрө менен гана чектөөнү талап кылган.


















