Тажикстанда Россиянын ККнүн (куралдуу күчтөрүнүн) жергиликтүү аскерлер менен эки тараптуу машыгуулары старт алды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
«Россиялык аскер контингентинин негизин 201-россиялык Борбордук аскер округунун курамы түзөт», – деп белгилешти ведомстводон.
Аскердик машыгууга тоо, мотоаткычтар, танкалык, артиллериялык, чалгынчылар бөлүгүнүн, ошондой эле учкучсуз учуучу учактар апааратынын адистери жана ыкчам группалар катышат. Мындан тышкары сокку уруучу Ми-24 тик учактары жана Ми-8МТВ5 транспорттук-күжүрмөн авиациялык экипаждын группасы кошулат.
Ачылыш салтанаты «Харб-Майдон» полигонунда өтүп, анда гимндер ойнолуп, эки өлкөнүн желектери көтөрүлдү, ал эми катышуучулар талаа лагеринин аянтынан салтанаттуу марш менен өтүштү.
Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлер ККнын террордук бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча ыкмаларды, аскерлердин тоо шартындагы тапшырмаларды аткарышат.
Ошондой эле Россия жана Тажикстандын армиясы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана кирип келген диверсанттарды жок кылууну башкаруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.
Машугуу 2024-жылдын 15-апрелинен 18-апрелине чейин өтөт.





















